Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
90 кыргызстандык ызгаардуу суукта Казакстанда талаада калды
14.12.2023 | 14:52
Кыргызстандын 90 жараны үч күндөн бери Казакстандын ызгаардуу суугунда талаада олтурушат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, ишкерлер Хоргос базарына товар алып келгени барышкан.
“Келе жатып машиналары бузулуп, талаада калып калыптыр. 45 мүнөт мурда жазышты эч ким жардам бербептир. -35 градус суук дейт. Тамак-ашы дагы түгөптүр”, – дейт депутат.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарга жардам берүү аракетин көрүп жатканын айтты. “Унаалары ремонттон өтсө эле Кыргызстанга карай жолго чыгышат”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом