Жубайын өлтүрдү деп соттолгон адам: Айылдаштарым аялымды өлтүрүп, мени күнөөлүү кылып коюшту

14.12.2023 | 17:13

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарын шаарындагы тергөө абагына барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыйкатчы камакта отургандарды кармоо шарттары менен таанышкан. Ошондой эле камактагылар менен баарлашып, маселелерин уккан. Кармоо шарттары боюнча арыздануулар болгон эмес. Бирок сот отурумунда укуктарын коргоону өтүнүшкөн.

Акыйкатчы өмүр бою эркинен ажыратылып, 2005-жылдан бери тергөө абагында отурган жаран менен баарлашкан. Ал акыйкатчыдан паспорт алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Тергөө абагынын кызматкерлеринин айтымында, аталган жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, мындан улам паспорту да жок. Күбөлүгүнүн жоктугу паспорт алуусун кыйындатууда.

Соттолгон адам акыйкатчыга дары керек экенин айтып арызданган. Жаманбаева тергөө абагынын кызматкерлерин мыйзамдарга ылайык, камалгандардын укуктарын камсыздоого чакырган.

Ошондой эле акыйкатчы башка соттолгон адам менен маектешкен. Ал аялын өлтүрүүгө айыпталып, абакка кесилген. Соттолгон адамдын айтымында, жубайын өлтүрбөсө дагы, аны киши өлтүрүүгө айыптап соттошкон. Ал укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.

Ал билдиргендей, айылдаштары 20 миң сом акчасын алыш үчүн аны жарадар кылышып, андан кийин анын аялын өлтүрүшкөн.

“Алар мени күнөөлүү кылып салышты. Милиция кызматкерлери менин көрсөтмөлөрүмдү угушкан жок. Мен өзүмдүн аялымды өлтүрүп жана өзүмдү кантип бычак менен сайгыламак элем”, — деген ал.

Акыйкатчы аталган адамдын маселесин жеке көзөмөлүнө алды.

[image_carousel source=”media: 203020,203021,203022,203023″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top