Чолпон-Атадагы “Акылман” лицейи президенттин карамагына өттү

Чолпон-Атадагы “Акылман” лицейи президенттин карамагына өттү

Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” лицейи президенттин карамагына өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Садыр Жапаров кол койгон “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” жарлыкка ылайык, аталган окуу жай Билим берүү жана илим министрлигинин карамагынан чыгарылып, түздөн-түз президентке баш ийет.

Лицейдин иши президенттин фондунун эсебинен каржыланат.

“Акылман” лицейинин жогорку башкаруу органы болуп Көзөмөлчүлүк кеңеши эсептелет. Кыргыз Республикасынын президенти анын төрагасы болуп саналат.

Көзөмөлчүлүк кеңешинин түзүмү, компетенциясы, түзүү тартиби, мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү, алардын чечимдерди кабыл алуу тартиби “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” мыйзам жана президенти тарабынан бекитилүүчү Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө жобо менен аныктала”, — деп айтылат маалыматта.

Чолпон-Атада «Акылман» президенттик лицейи ачылды (сүрөт)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>