Нарында тергөө абагында иштеп, пенсияга чыккан жаран үй-бүлөсү менен көчөдө калганы турат

Нарында тергөө абагында иштеп, пенсияга чыккан жаран үй-бүлөсү менен көчөдө калганы турат

Нарында мурда тергөө абагында иштеп, кийин пенсияга чыккан жаран жашаган жеринен чыгарылып, үй-бүлөсү менен көчөдө калганы турат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарын шаарына тергөө абагынын шарттары менен таанышууга барган. Тергөө абагынан чыгып келе жатканда акыйкатчыны аталган жерде мурда иштеген кызматкер күтүп турган.

Ал акыйкатчыга кайрылып, укугун коргоп берүүгө жардам сураган. Анын айтымында, ал тергөө абагында көп жылдан бери иштеп, кийин пенсияга чыккан. Учурда үй-бүлөсү менен тергөө абагынан анча алыс эмес жерде, Жазаларды аткаруу кызматына караштуу эски имаратта жашайт. Эми аталган жерден чыгарылып, көчөдө калганы турушат. Себеби алар жашаган эски имаратты донорлордун каражатынын эсебинен оңдоо пландалып жатат.

Ал жашаган имаратты акыйкатчыга көрсөткөн.

«Бизди бул жактан көчүрүп жатышат. Бара турган жерибиз жок. Жаңы имаратта дагы бизге орун жок. Өмүрүмдү ушул кызматка арнадым. Бизге бул бөлмөнү турак-жай катары беришкен. Тергөө абагында көп жыл иштедим. Эми минтип пенсияга чыккандан кийин үй-бүлөм менен көчөдө калып жатам», — деп ал арыз-муңун айтып берген.

Акыйкатчы Жаманбаева анын арызын изилдеп чыгарын убала кылган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>