Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Мирбек Расулов аскер прокурору болуп дайындалды
14.12.2023 | 19:23
Мирбек Расулов Башкы прокурордун орун басары — аскер прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
«Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык Расулов Мирбек Алишерович Башкы прокурордун орун басары – аскер прокурору болуп дайындалды». – деп айтылат маалыматта.
Президенттин башка тескемесине ылайык, Мукашов Сагындык Болотбекович Башкы прокурордун орун басары – аскер прокурору кызматынан бошотулду.

Рубрики: Жаңылыктар