Бишкекте дарыгерлер 40 жаштагы бейтаптын бөйрөгүн алмаштырды

Бишкекте дарыгерлер 40 жаштагы бейтаптын бөйрөгүн алмаштырды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 40 жаштагы бейтапка бөйрөгүн алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жасашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министр Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна болгон иш сапарынын алкагында бейтапка жолугуп, анын абалы менен таанышты.

“Бейтап 7 жылдан бери программалык гемодиализде болгон. Анын бөйрөк функциясынын жоголушу мурунку гломерулонефриттин кесепети катары кабыл алынган. Бейтап операцияга чейинки бардык керектүү даярдыктарды өттү. Донор бейтаптын эжеси болду», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында мындай операциялар 2018-жылдан бери кыргызстандык хирургдар тарабынан ийгиликтүү жасалып келет. Жалпысынан 44 операция, анын ичинде 2023-жылы 8 операция жасалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>