Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон Сыргак Асанов табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин маалымдалгандай, бала 11-декабрда Чоң-Далы айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул факты Ысык-Ата райондук милициясында катталып, иликтөө башталган.
15-декабрда милиция кызматкерлери баланы Бишкектеги Ак-Кула ипподромунун аймагынан таап, ата-энесине өткөрүп беришти.
Мектепке кеткен бойдон дайынсыз. 12 жашар Сыргак Асанов изделүүдө
Биздин Телеграм каналга катталыңыз