КМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видеоКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталды
Футболчу Валерий Кичин Азия кубогуна барбай калышы мүмкүн
16.12.2023 | 11:58
Кыргызстандын футбол курамасынын коргоочусу Валерий Кичин Азия кубогунда ойнобой калышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Көлдө өткөн машыгуу жыйынында Валерий Кичиндин бутунун тарамыштары жарым-жартылай үзүлүп, жаракатынын айыгышына бир айдан ашык убакыт керек болгондуктан, Кичин Азия кубогуна катышары арсар болууда.
Эскерте кетсек, Азия кубогу 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин Катарда болуп өтөт. Кыргызстан бул мелдеште Таиланд, Сауд Арабия жана Оман курамаралары менен бир тайпада жайгашкан.
Азия кубогунун алкагындагы биринчи беттеш 16-январда Таиланд менен болуп өтөт.