Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Бишкекте тургундун iPhone’ун уурдап кеткен шектүү кармалды
18.12.2023 | 13:53
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-декабрда милицияга А.Г. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, ошол күнү болжол менен саат 15:30да Пушкин көчөсүндөгү кеңседен белгисиз адам 38 миң сомдук iPhone 12 Pro телефонун уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ( Уурдоо ) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 38 жаштагы Ж.У. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.