Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
Кытай кыргыз жарандарына виза алуу эрежесин жөнөкөйлөттү
18.12.2023 | 14:41
Кытайдын визасын алуу үчүн документтерди тапшырууда милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүү талабын жокко чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
17-декабрдан тарта Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн виза алуу жолун жөнөкөйлөтүп, төмөнкү талаптар жоюлду:
- визага документтерди тапшырууда милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүүнүн кереги жок;
- маданий, илимий, билим берүү иш-чараларына катышуу максатында бара жаткандарга атайын штрих-код менен кытай тараптан чакыруунун кереги зарыл эмес;
- апостиль болгон учурда Кытайдын аймагында колдонууга арналган Кыргызстандын документтерин консулдук легалдаштыруу талап кылынбайт.
Кытайдын элчилигинин Консулдук бөлүмү виза боюнча кайрылгандарды белгиленген күндөрүндө жана сааттарында кезек күтүү тартибинде кабыл алат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом