Бишкекте жана аймактарда күн сайын өтүүчү Жаңы жылдык жарманкелер ишке киргизилүүдөАшууларда кар жаап жатат, бирок жол ачык2025-жылы соода жана жер казынасы Кыргызстандын бюджетинин негизги донорлору болушту26-декабрга карата аба ырайыБишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылды
Сүйүнчү! Дүйнөлүк күрөш уюму Тыныбекованы «Жылдын мыкты балбаны» атады (видео)
19.12.2023 | 22:34
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюму тарабынан кыз-келиндер күрөшү боюнча “2023-жылдын мыкты балбаны” аталды.
Белгилей кетсек, быйыл Айсулуу Тыныбекова 6 эл аралык мелдешке катышып, 4 алтын, 1 коло медаль уткан. Алардын ичинде Тыныбекова Азия жана дүйнө биринчиликтерин утуп, Азиянын 5 жана дүйнөнүн 3 жолку чемпиону болду. Ошондой эле 2 эл аралык рейтингдик мелдеште биринчи орунга татыган. Кытайда өткөн Азия оюндарында коло тагынган.
Учурда Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 95 миң 575 упай менен 62 кг салмактагы балбан кыздардын арасында биринчи орунда турат.