Жалал-Абаддын тургуну 7 кг ашуун баңгизат менен кармалды

Жалал-Абаддын тургуну 7 кг ашуун баңгизат менен кармалды

Жалал-Абадда баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюлуп, ири өлчөмдөгү афган тектүү баңгизат алынганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, баңгизат каналына бөгөт коюу боюнча атайын операциянын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун аймагында белгисиз адамдар баңги каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө сатуу менен алектенип жаткандыгын аныкташкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңги каражаттарын сактоо, ташуу жана сатуу менен алектенген жарандын ким экендиги аныкталган. 18-декабрында Жалал-Абад облусунун аймагында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 1982-жылы туулган А.Н. айдап бара жаткан «Хонда Фит» автоунаасы кармалган.

Унааны текшерүүдө анын салонунан жалпы салмагы 7 килограммдан ашык болгон 7 баштыкка оролгон баңги каражаттар табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган заттан афган тектүү гашиш баңгизаты экендиги аныкталды.

Баңгизаттарды ири өлчөмдө сатууга шектелип, 1982-жылы туулган А.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда. Баңгикылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>