Бишкектеги балдар ооруканасына 8 мобилдик госпиталь орнотулду

Бишкектеги балдар ооруканасына 8 мобилдик госпиталь орнотулду

Бишкек шаарындагы Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 8 мобилдик госпиталь орнотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай иш бейтаптардын агымын жөнгө салуу, оорулуу балдардын ата-энелерине шарт түзүү максатында жүргүзүлдү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев оорукананын амбулатордук-диагностикалык бөлүмүндөгү адистердин кабыл алуусуна кезек күтүү абалына мониторинг жүргүзүү максатында Бишкек шаарындагы Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барып, хирургиялык патологияга шектелген баланы текшерип, кеңеш берди.

Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, ооруканага бир суткада 451 бейтап кайрылса, анын ичинен 51 бала ар кандай оорулар менен ооруканага жаткырылып, калгандары адистин кеңешин алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Күнүнө 13төн дарыгер нөөмөттө турат, нөөмөттөгү дарыгерлердин санын 15ке жеткирүү пландалууда.

«Оорулуу баланы экиден кем эмес адам коштоп жүргөнүн баарыбыз билебиз. Бул дагы оорукананын коридорлорунда кошумча кезектерди жаратууда. Кесиптешим Өзгөчө кырдаалдар министри менен макулдашуу боюнча февраль-март айларына чейин иштей турган көчмө госпиталдар уюштурулду. Ошондой эле, тез жардам боюнча Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун экинчи базасында Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык борбордун көчмө клиникалары иштейт. Мобилдик клиникада УЗИ жана ЭКГ аппараттары бар, бейтаптардын агымы көп болгон учурда кезек күтүүнү азайтуу үчүн колдонулат», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>