Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду

11.01.2024 | 17:05

Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу көзөмөл органынан кабарлашты.

Прокуратуранын маалыматында, Жазаларды аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жоопту кызмат адамдары “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарын аткарган эмес. Андыктан аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси менен иш козголду.

“Арстанбек Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракет  жасагандыгына көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көргөн эмес”, – деп айтылат маалыматта.

Ишти Аскер прокуратурасы тергейт.

Арстан Алай 5-январь күнү Молдовановкадагы №31 абакта асынып, көз жумду. Ал декабрда кармалып, 2024-жылдын 15-январына чейин камалган. Анын өлүмү боюнча маалымат декабрь аягында таркап, бирок аны Жаза аткаруу кызматы четке каккан. УКМК Арстан Абдылдаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Scroll to Top