Кадамжай электр түйүнү менчик жерге орноткон трансформаторду алуудан баш тартууда

Кадамжай электр түйүнү менчик жерге орноткон трансформаторду алуудан баш тартууда

Кадамжай шаарынын тургуну Замирбек Маккамбаев эки жылдан бери анын менчик жерине, үйүнө өтө жакын орнотулган  трансформаторду алдыра албай келет. Бул тууралуу ал Reporter.kg’ге билдирди.

Кубаттуулугу 400 киловатт болгон трансформаторду 2021-жылдын ноябрь айында жер ээсинин каршылыгына карабай коюшкан.

Замирбек Маккамбаевдин айтымында, ал үйүнөн 3 метр 30 сантиметр аралыкта турат. Ал эми үйдүн терезесинен 4 метр алыс орнотулган.

“Курулуш нормаларына ылайык турак жай менен электр жабдууларынын аралыгы кеминде 10 метр болуш керек. Өрт коопсуздугу боюнча 20 метр алыс турушу шарт”, — дейт Замирбек Маккамбаев.

Шаар тургуну жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, энергетикалык ишканаларга жазган арызы жоопсуз калган. Ал өзүнүн менчик жер тилкесиндеги трансформаторду көчүрүү өтүнүчү менен райондук сотко дагы кайрылган.

“Кадамжай райондук соту Матказиев мени Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотуна кайрылыңыз деп аныктама чыгарып берди. Эми бул жерде бийлик органдары бири-бирин коргоп, коррупциялык кызыкчылык болуп жатат”, — дейт Маккамбаев.

Ал президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, жергиликтүү бийликтин өзүм билемдигин токтотууну суранатБаткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>