Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу көзөмөл органынан кабарлашты.

Прокуратуранын маалыматында, Жазаларды аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жоопту кызмат адамдары “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарын аткарган эмес. Андыктан аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси менен иш козголду.

«Арстанбек Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракет  жасагандыгына көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көргөн эмес», — деп айтылат маалыматта.

Ишти Аскер прокуратурасы тергейт.

Арстан Алай 5-январь күнү Молдовановкадагы №31 абакта асынып, көз жумду. Ал декабрда кармалып, 2024-жылдын 15-январына чейин камалган. Анын өлүмү боюнча маалымат декабрь аягында таркап, бирок аны Жаза аткаруу кызматы четке каккан. УКМК Арстан Абдылдаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>