Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Минкаб: Быйыл суу аз болуусу күтүлөт
11.01.2024 | 17:56
2024-жылы кургакчыл климатка байланыштуу суу аз болушу күтүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жыйында билдирди.
Ага байланыштуу бийлик 100 иш-чараны пландоодо.
“2024-жылга 540 чакырым чарбалар аралык каналдар оңдолот. Ошондой эле, суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндердин курулушу арбын болот”, – деди ал.
Бакыт Төрөбаев райондордо суугат мезгилинде эч кандай маселе жаралбашы керектигин эскертти.
“Сугаруу иштери башталганга чейин тиешелүү сунуштарды киргизип, активдүү иш алып баргыла. “Элдик курулуш” ыкмасы аркылуу чарба аралык объекттерди оңдогула, мындан тышкары дыйкандар бириккен жерлерге сууну жеткирүү приоритет болот”, – деди Бакыт Төрөбаев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом