BITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыктаБишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептери
УКМК Көлбаевдин унаасын колдонууга алганын четке какты
19.01.2024 | 13:40
Маркум кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин унаалары УКМКнын карамагына өткөн эмес. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Коопсуздук комитети кылмыш ишинин алкагында алынган транспорттун бардыгы Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлүп берилгенин белгилейт.
“УКМКда өзүнө жетишерлик унаалары бар. Жарандарды мындай жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз”, – дейт мекеме.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги Көлбаевдин Kia Rio X-Line унаасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине, Mercedes-Benz S600 автомобили президенттик иш башкармалыгына берилгенин кабарлаган.
Калган төрт транспорт үчүнчү жолу аукционго коюлду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом