Аламүдүн капчыгайында жоголгон Мукамбеталыны издөө иштерине 312 адам чыкты

Аламүдүн капчыгайында жоголгон Мукамбеталыны издөө иштерине 312 адам чыкты

Чүйдүн Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы Мукамбеталы Маматалы уулуну издөө иштерине 19-январь күнү жалпы 312 адам чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Издөө иштерине тартылгандардын 188и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, 120и ИИМдин кызматкерлери жана төртөө «Инсараг» тобунун адистери. Издөө иштеринде дрондор да колдонулууда (жалпы 14 дрон).

Эскерте кетсек, Мукамбеталы Маматалы уулу 14-январдан бери дайынсыз болууда. Ал Чүйдөгү Аламүдүн капчыгайында жоголгон деп айтылууда. Ошол жактагы мейманкананын камерасына Маматалы уулу тоо тарапты көздөй бара жатканы түшүп калган.

Мукамбеталы Маматалы уулу унутчаактык менен ооруй турганы белгилүү. Ал жоголгондон кийин башында издөө иштерин туугандары жана милиция жүргүзө баштаган. 16-январда кечинде анын жакындары видеокайрылуу жасап, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө иштерине көмөктөшпөй жатканын билдирген. Бул кайрылуудан кийин эртеси, 17-январда ӨКМ да издөө иштерине жардам бере баштаган.

Министрлик издөө иштери мекеменин башчысы Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүнүн алдында жүрүп жатканын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>