Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Көлбаевдин унаасын УКМК менен президенттин иш башкармалыгы колдонот
17.01.2024 | 15:49
Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин эки автомобили мамлекеттик мекемелерге берилди. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, 1,15 миллион сомго бааланган, 2019-жылкы Kia Rio X-Line унаасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин карамагына өттү.
Ал эми президенттин иш башкармалыгы 25,5 миллион сомдук Mercedes-Benz S600 автомобилин алды.
Кримтөбөлдүн калган дагы төрт автомобили үчүнчү жолу аукционго коюлду.
УКМК маркум кримтөбөл Көлбаевдин канча байлыгы болгонун айтты (видео)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом