Бир жумада Бишкекте 121 мас айдоочу кармалды

23.01.2024 | 13:14

Бишкекте бир жумала 9 миңден ашык жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15нен 21-январга чейин катталган 9 миң 8 жол эреже бузуунун ичинен 121 айдоочу мас абалда кармалган, 104 киши унаанын ылдамдыгын ашырып айдаган, 91 адам айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган.

15-21-январда аныкталган башка жол эреже бузуулар:

–  унааны тиешелүү каттоосу жок башкаргандар – 293;

–  эреже бузган жөө жүргүнчүлөр – 887;

– жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар – 5 миң 813;

– унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар – 24;

–  мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу – 636;

–   башка эреже бузуулар – 1 миң 39;

Ошондой эле 1 миң 65 унаа айып короосуна токтотулган.

Милициянын кайгуул кызматы жарандарды жол эрежесин сактоого чакырат.

Scroll to Top