Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
“Акчаңды көбөйтүп берем”. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды
28.01.2024 | 10:40
Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылы июль айында Х.Н. аттуу аял шаар тургунуна (Э.К. аттуу аялга) “акчасын көбөйтүп берем, Германиядан грант алууга көмөк көрсөтөм” деп 230 миң сомун алган. Бирок айтылган убада аткарылган эмес. Ага байланыштуу 2023-жылы 4-апрелде алданып, акчасын алдырып жиберген аял милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 57 жаштагы Х.Н. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө уланууда.