Борбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталдыАла-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштадыКумтөрдүн «MEGASHOP» цехи: 14 оор техниканы бир убакта оңдойтTunduk тиркемесинде жаңы медициналык кызмат ишке киргизилди
Азия кубогунан кийин Футбол биримдигинин жетекчилиги иштен кетти
29.01.2024 | 14:07
Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитети мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу уюмдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн жыйын өтүп, анда бирикменин президенти Медербек Сыдыковдун курама команданын Азия кубогунда өткөргөн оюндары боюнча маалыматы угулду. Анын жыйынтыгы менен Медербек Сыдыков кызматын тапшыруу чечимин кабыл алганын айтты.
Аны менен бирге аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү ишин токтотту.
Белгилей кетсек, “Ак шумкарлар” Азия кубогунда бир гана упай алып, кийинки баскычка өтпөй калган.
Биримдиктин аткаруу комитетин жана президенттин шайлоо 19-февралда өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом