Соцфонд пенсиялык топтомго алтын, доллар сатып алмакчы. Депутат банк ачууну сунуштады

Соцфонд пенсиялык топтомго алтын, доллар сатып алмакчы. Депутат банк ачууну сунуштады

Социалдык фонд  пенсияга топтолгон акчаны балуу металлдар менен чет элдик валюталарды сатып алууга багыттоону сунуштайт. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин айтымында, пенсиялык топтомдун көлөмү жыл сайын  көбөйүп жаткандыктан жаңы инвестициялык инструменттер керек болуп жатат. Андыктан каражаттын 5-10 пайызына алтын, күмүш, платина сатып алмакчы.

Учурда Социалдык фонддун бюджетинин 85 пайызына мамлекеттик балуу кагаздар алынып, коммерциялык банктарда аманат катары 13-18 үстөк пайыз менен салынат.

“Быйыл биз мындан 4 миллиард 200 миллион сом пайда алдык”, — дейт Бактияр Алиев.

Депутат Жылдыз Садырбаева чет элдик валюта сатып алуу тобокелдик иш экенин айтты.

“Акыркы геосаясый кырдаалдан улам доллар алсыздайт деген прогноз бар. Эгер валюта түшүп кетсе жоопкерчиликти ким мойнуна алат? Пенсиянын акчасын валютада кармоо бул өтө кооптуу”, — деди эл өкүлү.

Депутат Айбек Маткеримов жарандардын акчасын кайра элге жардам иретинде колдонуп, социалдык банк ачууну сунуштады.

“Банк ачуу сунушун Минкаб колдогон эмес”, — деп жооп берди Бактияр Алиев.

Сатып алынган алтын, күмүш жана платинаны Соцфонд Улуттук банкта, “Кыргыз алтын” ишканасында сактамакчы. Комитет сунушту колдогон жок.

Фонддун маалыматында, 2022-жылы пенсиялык топтом 35 миллиард сомду түзсө, 2023-жылы 42 миллиард сомго жетти.

Соцфонд пенсиялык топтомду 5 жылда эки эсеге көбөйтмөкчү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>