Ош шаарында 1200 орундуу Салижан Жигитов атындагы мектеп ачылдыАкча которуп берем деп, 69 миң долларын ээлеп алган: шектүү жаран кармалдыКыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууну жана унааларды каттоону күчөтүү сунушталууда10 айда мамлекеттик карызды тейлөөгө 73,9 млрд сом жумшалдыДен соолугуна зыян келтирүүгө айыпталган жаран Испаниядан Кыргызстанга экстрадицияландыЖыл башынан бери Кыргызстанда 62 мектеп курулуп, пайдаланууга берилди
Азия кубогунан кийин Футбол биримдигинин жетекчилиги иштен кетти
29.01.2024 | 14:07
Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитети мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу уюмдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн жыйын өтүп, анда бирикменин президенти Медербек Сыдыковдун курама команданын Азия кубогунда өткөргөн оюндары боюнча маалыматы угулду. Анын жыйынтыгы менен Медербек Сыдыков кызматын тапшыруу чечимин кабыл алганын айтты.
Аны менен бирге аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү ишин токтотту.
Белгилей кетсек, “Ак шумкарлар” Азия кубогунда бир гана упай алып, кийинки баскычка өтпөй калган.
Биримдиктин аткаруу комитетин жана президенттин шайлоо 19-февралда өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом