КФБ жана Стамбул биржасы алтын соодасын өнүктүрүү боюнча кызматташатТИМ башчысы менен АКШнын элчиси кыргыз-америка кызматташтыгын талкуулаштыБШКнын төрагасынын орун басары алмаштыКара-Кулжада 8 жаштагы бала ит тиштегенден кийин ооруканада каза болдуОшто өрттөн каза болгон эне жана балдардын сөөгү жерге берилдиКамчыбек Ташиев Баетов айылында спорт комплекси жана маданият борборунун курулушуна капсула салды
Бакыт Төрөбаев Оштогу газ тартыштыгынын себебин айтты
01.02.2024 | 15:07
Өзбекстан Кыргызстанга берип жаткан көгүлтүр оттун көлөмүн азайтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, кошуна мамлекет келишим боюнча күнүнө 4 куб газ берип жаткан.
“Өзбекстанда өзүндөгү кырдаалга байланыштуу газдын басымы азайды. Азыр 0,4 куб берип жатышат. Ошондуктан Ошто биринчи кезекте көп кабаттуу үйлөр жана отказандар камсыздалып жатат. Жер үйлөргө чектөө бар, анткени аларда отун, жарык бар. Электр жарыгын чектебей, толук берүү тапшырылды”, – дейт Бакыт Төрөбаев.
Белгилей кетсек, бүгүн жыйында Айбек Осмонов Ош шаарынын айрым райондорунда газ берилбей жатканын айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом