«Татыктуунун татыктуусу». Депутат бак-дарактын эрте гүлдөшүн Төрөбаевге байланыштырды

«Татыктуунун татыктуусу». Депутат бак-дарактын эрте гүлдөшүн Төрөбаевге байланыштырды

«Бакыт Төрөбаев айыл чарба министрлигине жетекчи болуп келиши менен алма-өрүк гүлдөп кетти», — деп билдирди Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Акылбек Түмөнбаев.

Ал мурдагы кесиптеши министрлер кабинетине кызматка дайындалганда анын жөндөмүнөн күмөн санаганын айтты.

«Биз менен депутат болуп олтуруп, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып жатканда бир кесиптешибиз сизди татыктуунун татыктуусу дегенине ишенген жок элем. Эми ынандым. Жогорку жетекчилик кызматты ээлеп олтурасыз. Сиз айыл чарба министрлигине келгенде алма- өрүк гүлдөп кетти», — дейт депутат.

Ал Бакыт Төрөбаев айыл чарба министрлигинин ишин ийгиликтүү алып барарын айтты. «Эми өзүңүз айылда өскөнсүз, иштейсиз», — деп кошумчалады Акылбек Түмөнбаев.

Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын декабрь айында айыл чарба министри болуп дайындалды. Быйыл Баткен облусунда кыш жылуу болуп, январь айында айрым айылдарда бадам жана өрүк гүлдөдү.

Январда Баткенде бадам гүлдөдү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>