Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча оюн айтты

05.02.2024 | 17:00

Эмомали Рахмон Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди кабыл алды.

Тажикстандын президентинин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, жолугушууда чек араны делимитациялоо маселеси талкууланды.

Эмомали Рахмон өкмөттөр аралык жумушчу топ 4 айда 196 чакырым боюнча макулдашууга жетишкенин белгилеп, чек аранын жалпы 90 пайызы аныкталып бүткөнүн айтты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын аягында Баткенде жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Тажикстан менен чек араны аныктоого иштери жазга чейин аяктарын айткан.

 

Scroll to Top