Кыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдөСоттолгондордун акысыз иштөө убактысын эки эсе көбөйтүү сунушталууда
Токтогулда мал уурулукка шектүүлөр кармалды (видео)
05.02.2024 | 16:30
Жалал-Абаддын Токтогул районунда мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Токтогулда 30-январга караган түнү белгисиз адамдар 78 жаштагы тургундун мал сарайынын кулпун бузуп кирип, 90 миң сомдук уюн уурдап кеткен.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 21 жаштагы Р.М., А.Р. жана М.А. аттуу жарандар кармалган. Соттун чечими менен алар тергөө аяктаганча 1 айга камакка алынган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Р.М. мурда тоноо фактысы боюнча соттолгону белгилүү болгон.
Учурда тергөө уланууда.