Шаарда президенттин иш башкаруучусу кожоюнбу? Депутат мэрге ыйгарымдарын эскертти
“Ордо калаада президенттин иш башкаруучусу эмес мэр кожоюн”, – деп Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова билдирди.
Ал Айбек Жунушалиевге шаар жетекчисинин ыйгарым укуктарын эскертип, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин баардык тармакка кийлигишип жатканын айтты.
“KG-GROUP компаниясынын кардарлары менен жолугушуу өткөрдүңүз. Анда бир чектен чыккан окуя болду. Ортодо президенттин иш башкаруучусу олтурат. Анын бир тарабында сиз, бир тарабында – мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси. Сиз шаардын кожоюнусуз. Калаада болуп жаткан окуялардын баарын сиз көтөрүшүңүз керек. Бизде президенттин иш башкаруучусу бүт жакта, баарына кийлигишет. Мамлекеттик кызматтын этикасы, иерархия деген бар”, – деди Гуля Кожокулова.
Белгилей кетсек, Каныбек Туманбаев өлкөдөгү курулуш, мамлекеттик мүлктү оңдоп-түзөө иштерин дагы жетектеп келет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз