Ошто эгиз кыздарын сабаган келин энелик укуктан ажыратылды

Ошто эгиз кыздарын сабаган келин энелик укуктан ажыратылды

Ош облусунда эгиз кыздарын сабаган 22 жаштагы жаш келинге сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.

Маалым болгондой, 22 жаштагы С.Д. аттуу келиндин кыздарын сабаганына байланыштуу эки иш Араван райондук сотунда каралган. Бири Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) боюнча козголгон кылмыш иши, экинчиси Үй-бүлөлүк кодекс боюнча ата-энелик укуктан ажыратуу маселеси.

Козголгон кылмыш иш боюнча 25-январда отурум өтүп, жаш келин күнөөлүү деп табылган жана 6 жылга абакка кесилген. Бирок ал эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулуп, 3 жылдык пробациялык мөөнөт белгиленген.

Ал эми ата-энелик укуктан ажыратуу маселеси боюнча прокурордун доо арызы сотто 7-февралда каралган. Сот 22 жаштагы С.Д.ны энелик укуктан ажыратуу тууралуу чечим чыгарган.

Эскерте кетсек, 2023-жылы ноябрь айында соцтармактарга аял киши 2 кичинекей баланы сабап жатканы тартылган видео тараган. Кийин бул окуя боюнча 21 жаштагы С.Д. аттуу келин  кармалып, ал эгиз кыздарын сабаганы аныкталган. 21 жаштагы келинге карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары камакка алынган.

Эгиз кыздар өз атасына өткөрүлүп берилген.

Кийин Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жаш келин менен жолугуп келишкен. Жолугушууда келин эгиз кыздары биринчи күйөөсүнөн экенин, ал менен ажырашып, экинчи жолу турмуш курганын айтып берген. Ал билдиргендей, экинчи күйөөсүнүн туугандары анын кыздарын жактырбай, өзүн кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүп кеткен. Ал турсун кайненеси кыздарын сабап, денесине ийне сайган учурлар болгонун айткан.

Балдарын сабаган эне: Кайненем кыздарымдын денесине ийне сайып, урчу

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>