Шаарда президенттин иш башкаруучусу кожоюнбу? Депутат мэрге ыйгарымдарын эскертти

Шаарда президенттин иш башкаруучусу кожоюнбу? Депутат мэрге ыйгарымдарын эскертти

«Ордо калаада президенттин иш башкаруучусу эмес мэр кожоюн», — деп  Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова билдирди.

Ал Айбек Жунушалиевге шаар жетекчисинин ыйгарым укуктарын эскертип, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин баардык тармакка кийлигишип жатканын айтты.

“KG-GROUP компаниясынын кардарлары менен жолугушуу өткөрдүңүз. Анда бир чектен чыккан окуя болду. Ортодо президенттин иш башкаруучусу олтурат. Анын бир тарабында сиз, бир тарабында — мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси. Сиз шаардын кожоюнусуз. Калаада болуп жаткан окуялардын баарын сиз көтөрүшүңүз керек. Бизде президенттин иш башкаруучусу бүт жакта, баарына кийлигишет. Мамлекеттик кызматтын этикасы, иерархия деген бар», — деди Гуля Кожокулова.

Белгилей кетсек, Каныбек Туманбаев өлкөдөгү курулуш, мамлекеттик мүлктү оңдоп-түзөө иштерин дагы жетектеп келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>