Мэр келсе, депутаттар жок. Акаев кесиптештерин жоопкерчиликке чакырды (видео)

Мэр келсе, депутаттар жок. Акаев кесиптештерин жоопкерчиликке чакырды (видео)

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынына бүгүн 11 депутаттын алтоо катышты. Эл өкүлү Жанар Акаев кесиптештерин ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Ал комитетте карала турган административдик-аймактык реформага байланыштуу мыйзам долбоору боюнча суроолорго жооп берүү үчүн шаарлардын мэрлери атайын келгенин белгиледи.

«Кворум  жок кечээ Жогорку Кеңештин Социалдык комитетинин жыйыны болбой калды. Бүгүн бул комитетке Оштун мэри атайын учуп келди. Ошто бир күн шаар башчысы жок болот. Депутаттар өзүбүз дагы жоопкерчилик болушубуз керек да. Мэр жок деп, мыйзам долбоорун карабай койдук эле, эми мына алар келсе депутаттар жок. Азыр 4 депутат кантип долбуш беребиз? Эмки жума кайра кел дейбизби, бул мамлекетке чыгым, убакыттан уттуруу. Шайлоочуларга күнү-түнү иштейм,  «ичкен ашты жерге коем» дегенден кийин жоопкерчиликтүү болуш керек», — деди Жанар Акаев.

Комитеттин төрайымынын орун басары Чынгыз Ажибаев көпчүлүк эл өкүлдөрү командировкада жүргөнүн айтты.

Депутаттар административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди. Аталган сунуш боюнча Ош жана Бишкек шаарларынын аймагы кеңейет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>