Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Кеминде Ооган согушунун курмандыктары эскерилди — видео
13.02.2020 | 15:01
31 жыл мурда аяктаган Оогон согушу Кыргызстандын жер жерлеринде жыл сайын белгиленип турат. 12-февралда Кемин районунда Ооган согушунда набыт болгондордун элесине арналган монументтин ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Ооганчылар коомунун төрагасы депутат Кожобек Рыспаев, согуштун катышуучулары, курман болгон жоокерлердин жакындары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдун айтымында, мындай иш чаралар өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлөт.
Кемин районунан акими Нурлан Шаршеналиев белгилегендей, аталган райондон Ооган согушуна 195 жоокер катышкан. Алардын ичинен төртөө мекенине кайтпай калган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом