Бишкек шаарында муниципалдык инспекция курулуш объектилеринде рейд өткөрдү.
Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө 7 ишканада мыйзам бузуулар аныкталган. Алсак, чектеш аймакта тазалыкты сактабагандыгы үчүн КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык төмөнкү ишканаларга 13 миң сом өлчөмүндө протоколдор түзүлдү:
— «Гарант Девелопмент» ЖЧКсы ;
— «Браво Билд» ЖЧКсы;
— «Гарант Девелопмент» ЖЧКсы ;
— «Премиум А-Групп» ЖЧКсы;
— «Ригель» ЖЧКсы;
— «Аманат Строй» ЖЧКсы.
Өндүрүштүк калдыктарды муниципалдык аймакка ташып чыгуу үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин негизинде Эркиндик бульвары, №21 дарегинде жайгашкан «СК Орион» ЖЧКсына 23 миң сом өлчөмүндө айып салынган.
Муниципалитеттин макулдугусуз, өз алдынча топурак казгандыгы үчүн «Капито Байтик Баатыр» ЖЧКсына карата КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин негизинде, 17 миң сомго протокол түзүлдү.
Ушул эле берененин негизинде Безымянная көчөсү, 4/4 дарегиндеги «Фиш Ритейл Сервис» ЖЧКсына жол бетин бузуп, булгагандыгы үчүн 17 миң сомго протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, текшерүү Ахунбаев көчөсү, 48/1 дарегиндеги «Чанган» каржы компаниясына жана жеке чарбалык субъекттерге чектеш аймактарды жашылдандыруу эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр берилген.
Рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп турат. Тартипти бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз