Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Жөө күлүк Айнуска Калил кызы Азия чемпионатында күмүш утту
19.02.2024 | 09:40
Кыргызстандык жөө күлүк Айнуска Калил кызы Иранда өтүп жаткан жабык имараттардагы жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш байге тагынды. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясы кабарлады.
Айнуска Калил кызы 1500 метр аралыкка жарышып, 4 мүнөт 35,29 секунд убактысы менен күмүш байгеге татыган.
Эскерте кетсек, Иранда өтүп жаткан Азия биринчилигине Кыргызстандан Айнуска Калил кызы (1500 жана 3000 м), Мария Коробицкая (3000 м), Нурсултан Кеңешбеков (1500 жана 3000 м), Майсал Макумбек уулу (800 м) жана Самат Казакбаев (1500 м жана 3000) катышууда. Спортчуларды машыктыруучу Татьяна Борисова коштоп барган.
Бул мелдеште Нурсултан Кеңешбеков 1500 метр аралыкта алтын тагынып, Азия чемпиону болду.