ИИМдин Күзөт кызматынын түзүлгөнүнө 58 жыл толду

ИИМдин Күзөт кызматынын түзүлгөнүнө 58 жыл толду

ИИМдин Күзөт кызматынын түзүлгөндүгүнүн 58 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган мааракеге карата Күзөт кызматына салымын кошуп келген өздүк курамга жана ички иштер органдарында көп жылдар бою эмгегин сиңирген, ардактуу эс алууда жүрсө да салымын кошуп келген кесиптештерин төш белгилер, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров ардактуу ардагерлерге төш белги тагып жатып алардын эмгеги үчүн терең ыраазычылыгын билдирген.

“Күзөт кызматында талыкпай кызмат өтөгөн жалпы өздүк курамды бүгүнкү майрам менен куттуктайм. Ар бириңиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш, иштериңерге ийгиликтерди каалайм”,— деди Акпаров.

Күзөт кызматынын ардактуу ардагерлери өздүк курамды майрамы менен куттуктап, өлкөнүн коопсуздугун сактоодо мекенге татыктуу кызмат кылууга чакырган.

Мындан тышкары ИИМдин Күзөт кызматынын Борбордук аппаратында сыйлоо аземи болуп, анда эмгеги сиңген кызматкерлерге атайын медалдар жана Ардак грамоталар тапшырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>