Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол бирикмесинин президенти болуп шайланды.
Ал аталган кызматка жалгыз талапкер болгон. Кыргыз футбол бирикмесинин кезексиз Конгрессинин делегаттары анын талапкерлигин бир добуштан колдоду.
Ташиев КФБнын президенти кызматын 2026-жылдын апрель айына чейин аркалайт.
Эскерте кетсек, буга чейин КФБнын президенти болуп келген Медербек Сыдыков Кыргызстандын футбол курамасынын Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин кызматтан кетүүнү чечкен.