Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Кыргызстанда бир катар унаа жолдорго чектөө киргизилди
21.02.2024 | 21:43
Кыргызстанда кар жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам бир катар унаа жолдорго чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Чектөө киргизилген унаа жолдор:
– Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-чакырымдан тартып, 130-чакырымы;
– Каракол – Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымынан тартып, 95-чакырымына чейин жол жабык;
– Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 45-чакырымынан тартып, 60-чакырымына чейин жол жабык;
– Түп – Кеген унаа жолунун 39-чакырымынын тартып 76-чакырымына чейинки аралыгы.
ЖКККББ айдоочулардан жогорудагы унаа жолдорго киргизилген чектөөлөрдү эске алып, коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар