11-февралда Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүндө жайгашкан соода борборунан аялдардын ички кийимин жана башка товарларды уурдап, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, ишкер 93 мин сомго зыян тарткан.
31 жаштагы К.М. аттуу уурулукка шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз