Комитет бала бакчадагы баланын тамагын ата-энеси төлөсүн деген норманы алып салууну колдоду

Комитет бала бакчадагы баланын тамагын ата-энеси төлөсүн деген норманы алып салууну колдоду

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети «Билим берүү жөнүндө» мыйзамындагы Кыргызстанда бала бакчадагы балдардын тамак-ашына акча ата-энелер тарабынан гана төлөнсүн деген норманы алып салууну караштырган мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Эскерте кетсек, мурдагы мыйзам боюнча мамлекеттик бала бакчаларда балдардын тамагы үчүн акчанын жарымын ата-энелер, жарымын жергиликтүү бийлик органдары төлөп келген. Бирок былтыр август айында «Билим берүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, анда ата-энелер бала бакчага барган балдарынын тамактануусу үчүн өздөрү гана төлөйт деген норма киргизилген. Бул тууралуу коомчулукка белгилүү болгондон кийин, ал элдин нааразылыгын туудурган. Ага байланыштуу депутаттардун тобу аталган норманы алып салуу үчүн тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>