Парламент пенсия албаган баатыр энелердин жөлөкпулун көбөйтүүнү сунуштады

Парламент пенсия албаган баатыр энелердин жөлөкпулун көбөйтүүнү сунуштады

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстанда пенсия албаган баатыр энерелерге берилген жөлөкпулдун өлчөмүн көтөрүү тууралуу токтом долбоорун кабыл алды.

Комитеттин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдиргендей, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 33 миң баатыр эне бар. Алардын көпчүлүгү пенсия алат. Бирок 121 баатыр эне мурда эч жерде иштебегендиктен, пенсия алууга укугу жок болуп, аларга мамлекет тарабынан 3 миң сомдон жөлөкпул төлөнүп келет. Мындан улам депутаттар пенсия албаган баатыр энелердин жөлөкпулун көтөрүүнү сунуштоодо.

Маматалиев алар карап жаткан документ мыйзам эмес, токтом долбоору экенин белгилеп, ал өкмөткө сунуш иретинде кабыл алынып жатканын айтты. 121 баатыр эненин жөлөкпулун көбөйтүүгө жылына 2 млн сом сарпталат. Ал акча келерки жылы кабыл алына турган бюджетке киргизилет.

«Баатыр энелерге берилген жөлөкпулдун өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнө байланган. Ал азыр 3 миң 170 сомду түзөт. Биз аны пенсиянын базалык бөлүгүнө эмес, жашоо минимумуна байлайлы деп жатабыз (учурда пенсионердин жашоо минимуму 6 миң 816 сомду түзөт — ред.). Себеби жашоо минимуму жыл сайын өзгөрүп турат. Жөлөкпул жашоо минимумунун үчтөн эки бөлүгүнөн кем болбосун деп жатабыз», — деди ал.

Сөзүн улай Маматалиев пенсия алган баатыр энелерге Социалдык фонд тарабынан пенсиясына 1 миң сомдон кошулуп берилерин, аларга дагы 1 миң сомдон кошуу үчүн 100 млн сом керектелерин айтып, бул маселени аталган мекеме карап чыкса болорун белгиледи.

Талкуудан кийин аталган токтом долбоору колдоо тапты.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда «Баатыр эне» ордени 7 же андан көп бала төрөп, багып, тарбиялаган энелерге тапшырылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>