Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
“Ажырашуу – үлгү эмес”. Жапаров соцсеттеги келиндерди көзөмөлдөөгө чакырды (видео)
27.02.2024 | 14:41
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык тармакта кыргыздын улуттук салтына, үрп-адатына каршы келбеген маалыматтарды чектөөгө чакырды. Бул боюнча ал Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясында билдирди.
Анын айтымында, коомдо ажырашуу үлгү катары кабыл алынбаш керек. Минкаб жетекчисинин пикиринде, деги эле кайын журт жөнүндө интернетте жаман айтуу өөн нерсе.
“Кайыната, кайыненени сыйлабаган келин, атасынын кадыр баркы менен мактанып, келин болуп, кызмат өтөп, байбиче болуунун ордуна ажырашып кеткенин жарыялап, биз аны үлгү көрбөшүбүз керек. Анын баары, соцсетке чыкканы уят. Бизге кайыната чолок шымчан жүрбөшү керек дешчү, келин дагы жоолукту баштан түшүрбөсүн”, – дейт Акылбек Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом