Олимпиада: Махмудов, Тыныбекова, Шаршенбеков, Медет кызы кайсы күндөрү күрөшөрү белгилүү болду

Олимпиада: Махмудов, Тыныбекова, Шаршенбеков, Медет кызы кайсы күндөрү күрөшөрү белгилүү болду

Быйыл 24-июлдан 11-августка чейин Франциянын борбору Парижде Олимпиада оюндары өтөт. Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиадага 5 жолдомо бар: грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг) жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов лицензия алган.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында Олимпиада оюндарында балбандар кайсы күндөрү беттешке чыгаруу тууралуу маалымат жарыяланган. Маалыматка ылайык, күрөш боюнча мелдеш 5-11-август күндөрү болуп өтөт.

Таймаштын алгачкы күнүндө, 5-августта Олимпиадага лицензия алган кыргызстандык спортчулардын ичинен Жоламан Шаршенбеков биринчилерден болуп килем үстүнө чыгат. Алтын үчүн беттештер 6-августта өтөт.

Акжол Махмудов 6-августта таймашка чыгат. Финалдык беттештер 7-августта болот.

Андан кийин 9-августта Айсулуу Тыныбекова күрөшөт. 10-августта финалдык таймаштар болот.

Ал эми Айпери Медет кызы 10-августта күрөшөт. Алтын үчүн беттештер 11-августта өтөт.

Белгилей кетсек, алдыда Олимпиадага лицензия бере турган континенталдык жана дүйнөлүк мелдештер өтөт. Аталган мелдештерде кыргызстандык башка балбандар жолдомо алууга ат салышат.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>