АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Акылбек Жапаров президент экөө күнүнө канча саат иштерин айтты
27.02.2024 | 15:23
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарын иретке келтирип, курулуш, бизнес жана башка тармактарды тартипке салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн мэриянын коллегиясында билдирди.
Ал Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу өкмөт калаадагы турак жай жетишсиздигин чечип жатканын белгиледи.
“Сиздер дагы жанталашып иштесеңиздер. Мына президент баш болуп, мен төш болуп эрте менен саат 8.00дө келип, 21.00-22.00дө кетебиз. Бишкек шаарын борбор дейбиз дагы башкалардан эч нерсе менен айырмаланбайбыз. Мэр өзгөчө тартип киргизиши керек”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом