Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Өзгөндө үч жигит мал уурулукка шектелип кармалды
06.03.2024 | 17:37
Ош облусунун Өзгөн районунда үч жигит мал уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-фералга караган түнү Төрт-Көл айыл аймагынын тургунунун сарайынан бир баш малы уурдалган. Бул боюнча малдын ээси милицияга арыз жазган.
Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.
Натыйжада милиция бул ишке шектүү катары 20 жаштагы Э.М. уулу, 19 жаштагы А.А. уулу жана А.П. аттуу жарандарды кармады.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экенин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.