Министр: Ооз ачуу, таравих намазында электр жарыгы болот

Министр: Ооз ачуу, таравих намазында электр жарыгы болот

Орозо учурунда ооз бекитүү жана ооз ачуу мезгилинде электр жарыгы өчүрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Депутат Марат Мураталиев аймактарга электр энергиясы башаламан, эскертүүсүз өчүрүлүп жатканын айтты. Ал эми эл өкүлү Жалолидин Нурбаев ооз ачарда жарык өчсө элге кыйын болуп каларын белгиледи.

«Андан сырткары таравих намазы бир нече саатка уланат. Бул учурда жарык жок болуп калса, мечиттер кыйналып калат го», — деди депутат.

Таалайбек Ибраев Рамазан айында электр жарыгын үзгүлтүксүз камсыз кылуу аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

«Мен дагы 20 жылдан бери орозо кармайм. Ооз ачар час пикке туш келбейт. Ал учурда жарык болот. Мечиттер боюнча иштер жүрүп жатат. Балким алардын ар бири генератор менен камсыздалат», — деди аткаминер.

Белгилей кетсек, 5-марттан тарта электр энергиясына чектөө киргизерин айткан.

Алдыда электр энергиясына чектөө киргизилет

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>