КР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
Германиядагы ири туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын павильону ачылды
06.03.2024 | 19:00
ITB Berlin-2024 дүйнөлүк ири туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын павильону ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фонду маалымдады.
Ага КАТО (Кыргыз туроператорлор ассоциациясы), 16 туроператор жана төрт дестинация катышып жатат.
Улуттук павильондун ачылыш аземинде Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев дагы болду.
Кыргызстан павильону башка стенддерден сапаттык жактан өзгөчөлөнүп, буга чейин көргөзмөгө келген коноктордун көп көңүлүн бурган. ITB Berlin 2024 көргөзмөсү 8-мартка чейин уланат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика