Сейсмолог: Кемин очогу кайра козголбойт, майда силкинүү болуп турат

07.03.2024 | 14:33

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президентти Канат Абрахматов Reporter.kg’ге Казакстандын сейсмологдорунун Кемин очогунун кайра козголушу боюнча маалыматын четке какты.

Анын айтымында, жер титирөөдөн кийин очок кайра 200-300 жылдан кийин козголот. Анын айтымында, Кемин өрөнүндө 3 миң, 10 миң жыл мурда зилзала катталган. Анын баарын бир очокко байланыштырууга болбойт.

“Кемин очогу 1911-жылы козголгон. Ал болду күл болуп өчтү. Андан бери 100 жыл өттү. Кайра козголуу үчүн тектоникалык чыңалуулар топтолушу керек. Так айта албайбыз, бирок арада 200-300 жыл өтүшү зарыл. Андыктан Кемин очогунда эч кандай күчтүү силкинүү күтүлбөйт”, – дейт окмуштуу.

Канат Абрахматовдун билдирүүсүндө, Кыргызстандын аймагында майда титирөөлөр катталып турат.

“Бул жөнөкөй эле көрүнүш. Жыл сайын 9,5 миң жер титирөө катталат. Анын 5-10 жер титирөөнүн күчү 5-6 баллга жетип турат. 4-мартта болгон силкинүү – бул катардагы көрүнүш”, – дейт сейсмолог.

Ал окмуштуулардын божомолунда Кыргызстандын аймагында жакынкы жылдары күчтүү зилзала күтүлбөстүгүн белгилейт.

Кыргыз-казак чек арасында жер титиреп, Алматыда сиреналар жаңырды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top