Кыргызстанда майыптуулугу бар кыз-келиндерди зомбулуктан коргоо боюнча семинарлар өтүүдөЭнергетика министрлиги: Токтогул ГЭСин жаңылоо иштери аяктоо алдындаБШК: Талапкерлер шайлоочуларга белек бербеши керек, үгүт иштери 10-ноябрга чейин тыюу салынатКоргоо министрлигинде кадрдык өзгөртүүлөр болдуСауд өнүктүрүү фонду Чүй менен Бишкекке мектептерди салуу үчүн кредит беретПрезиденттин иш башкаруучусунун орун басары алмашты
Кыргызстандык жаш балбандар Астанадагы мелдеште 4 медаль утту
14.03.2024 | 12:58
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандары Казакстандагы 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы эл аралык мелдеште 4 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Жаксылык Ушкемпировдун жаркын элесине арналган мелдеш Астана шаарында 11-13-мартта болуп өттү. Бул турнирде 60 кг салмакта Кубаныч Арынов күмүш медалга утса, ошол эле салмакта Куттубек Абдуразаков коло байгеге татыды. 72 кг салмакта Ырыскелди Хамзаев жана 97 кг салмакта Бахрам Курбанов коло медаль тагынды.
Спортчулар мелдешке машыктыруучу Рыскулбек Эгеевдин жетекчилиги алдында катышты.